Алардын арасында Казакстан, Түркия, Россиядан келген жана жергиликтүү атактуу артисттер болду.
Ыр майрам жыйынтыкталып, сынактын баш байгеси румыниялык аткаруучу Мария-Диана Стынчуляшага кетти. Биринчи орунду кыргызстандык Урмат Сатыбалдиев, экинчи орунду кыргызстандык Камир, россиялык Кира Гоголадзе жана беларустук Виталий Дроп алды. Үчүнчү орунду Полина Тасева (Түндүк Македония), Еже Аса (Түркия) жана Тулкин Тажиев (Өзбекстан) ээледи.
"Көрүүчүлөрдүн арзуусуна" Саха Республикасынан келген катышуучу Кирилл Матвеев татыды.
Ошондой эле концерттин жүрүшүндө казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы берилди. Президенттин тиешелүү жарлыгын "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалында окуп беришти. Димаш сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди.
Айта кетсек, казакстандык ырчы "Мейкин Азия" фестивалынын алгачкы баш байгесинин ээси. Сынак 2013-жылы өткөн.
Фестивалды көрүүгө президент Садыр Жапаров жана Монголиянын башчысы Ухнаагийн Хурэлсух да келген.
Тема боюнча: