БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. 2026-жылы өлкөдө элдик маркетплейс ачылат. Бул тууралуу "Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова Sputnik Кыргызстан маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, демилге "Элдик банк" менен биргеликте ишке ашмакчы.
"Кыргыз почтасы" ишканасынын башкы директорунун орун басары Уулжан Масиянова
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
"Быйыл августтун ортосунда "Торугарт" өткөрмө бекетинде Кытай менен түз байланыштыруучу эл аралык почта түйүнү ачылат. Былтыртан бери Кыргызстан менен Өзбекстандын почталары Оштогу пункт аркылуу жүк алмашып жатышат", — деди Масиянова.
Андан тышкары, тез жеткирүүлөрдүн көлөмү өсүп жатканы белгиленди. 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 38 тонна жүк жеткирилсе, быйыл жарым жылда көрсөткүч 59 тоннага жеткен.
былтыркы жылдын алты айында 25 миң почта жөнөтүү катталса, быйыл 118 миңге жеткени айтылды.