БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Алтай Республикасына барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, сапар 24-26-июль күндөрү болуп, анын алкагында Касымалиев Тоолуу Алтай шаарында боло турган Эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйында сүйлөйт.
Анда Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын өкмөт башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары баштаган делегация экологиялык чакырыктар, климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерди талкуулашат.
Ошондой эле Эл аралык экологиялык конференциянын жүрүшүндө эксперттик жана тематикалык сессиялар уюштурулат. Анда глобалдык суу балансын сактоо жана экологиялык туризмдин айланасында баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралат.