БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Кыргызстанда салттуу соодага караганда электрондук соодага артыкчылык берилип жатат. Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алина Кулжанова Sputnik маалымат борборундагы брифингде билдирди.
Ал белгилегендей, барган сайын көп жарандар, өзгөчө жаштар онлайн-товарларды жана кызматтарды сатып алышат, анткени бул ыңгайлуу жана жеткиликтүү.
Экономика жана коммерция министрлигинин бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Алина Кулжанова
© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
"Мамлекеттик органдардын алдында электрондук соода менен алектенгендердин баарын көзөмөлдөө милдети турат. Салык жана бажы кызматтары бул тармакты жөнгө салуучу так нормаларды иштеп чыгып, мыйзамдаштырышы керек. Бул ачык-айкындуулукту, мыйзамдуулукту жана рыноктун бардык катышуучулары үчүн бирдей шарттарды камсыз кылууга тийиш", — деди Кулжанова.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда электрондук соода менен алектенген 250гө жакын веб-сайт иштейт. Алардын 72 пайызы универсалдуу онлайн-дүкөндөр, 28%ы ишмердүүлүгүнүн тар профили бар адистештирилген дүкөндөр. Платформалардын 18 пайызга жакыны төлөмгө банктык (кредиттик) карталарды кабыл алат.
КРдеги интернет-дүкөндөр аркылуу сатылуучу товарлардын негизги категорияларына гүлдөр, белектер, тиричилик техникасы, кийим-кече жана бут кийимдер кирет. Керектөө электроникасы, техника жана автотетиктер эң популярдуу болуп саналат.
"Кыргызстанда электрондук коммерциянын көлөмү өсүп жатканы тууралуу маалыматтар бар. 2024-жылы ал 360 миллион долларды түздү. 2028-жылга карата көрсөткүч 595,7 миллионго, ал эми 2029-жылы 870,7 миллион долларга чейин өсөт деп күтүлүүдө", — деп белгиледи Кулжанова.
Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда электрондук коммерция ийгиликтүү өнүгүп жатат жана мындан ары да өнүгүүгө мүмкүнчүлүгү бар.