БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. АКШнын өзөктүк коопсуздук боюнча улуттук башкармалыгындагы компьютерлердин бир бөлүгү хакерлердин чабуулуна кабылганын Bloomberg агенттиги жазды.
"Кырдаалдан кабары бар маалымат булагынын айтымында, АКШнын улуттук өзөктүк куралдын арсеналы жана аны долбоорлоо үчүн жооптуу болгон агенттиги Microsoft ичиндеги документтер жүктөлгөн SharePoint системасы талкалангандардын бири болгонун айтты", — деп басылма жазган.
Анткен менен хакерлер андагы купуя же жашыруун маалыматтарды алып жетишкен эмес. Анткен менен киберчабуулдан аталган башкармалык баш ийген АКШнын Энергетика министрлигинин компьютерлери да четте калбаганы айтылды.
Microsoft буга чейин Linen Typhoon жана Violet Typhoon хакердик топтору анын программаларынын талуу жерлерин пайдаланып чабуул койгондугун билдирген. ЖМКлардын жазганына караганда, "бутага" АКШдагы, Германиядагы, Франциядагы жана Австралиядагы интернет-колдонуучулар алынган.