Бийлик Димашка КРдин эл артисти наамы эмнеге берилгенин ачыктады

Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы атактуу ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы эмнеге берилгенин билдирди.
Сыйлыкты ага Ысык-Көлдөгү "Мейкин Азия" фестивалында мамлекеттик катчы Марат Иманкулов тапшырган.
"Наам Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достукту жана маданий байланышты чыңдоого кошкон салымы үчүн берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон", — деп жазылган маалыматта.
Ырчы ыраазылык билдирип, сыйлыкты кыргыз-казак элдеринин бекем достугунун символу катары кабыл аларын айтты. Ошондой эле концерт учурунда эки элдин ортосундагы жакшы мамиленин маанилүүлүгүн белгиледи.
"Кыргыз менен казактын арасына жик салууну каалагандардын аракеттерине жол бербешибиз керек. Эки элдин ортосунда түбөлүк достук жана урмат-сый болуп, биздей өнөрпоздор кызмат өтөп жүрө берели", — деди Димаш.
Эске салсак, "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалы Чолпон-Ата шаарында 20-22-июлда өтүп, ага Азия менен Европадан 25ке чукул мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Баш байге румыниялык ырчыга берилди. “Мейкин Азиянын” жеңүүчүлөрү аныкталды