БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Кыргызстанда концерт берүүнү абдан каалай турганын айтты.
"Бирок азыр дүйнөлүк тур уланып жатканына байланыштуу алдыдагы бир жылдан ашык убакытка план түзүлүп калган. Балким, кийинки программага киргизебиз", — деди ырчы Ысык-Көлдөгү маалымат жыйынында.
Ал кыргыз-казак эң жакын кошуна, бир тууган эл экенин белгиледи.
"Мен кыргыз чыгармаларын билем, өзгөчө "Күйдүм чок" жагат. 2026-жылкы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу мен үчүн сыймык болмок. Бирок бул маселени менеджерлер менен талкуулаш керек", — деди артист.
Эске салсак, "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалы Чолпон-Ата шаарында 20-22-июлда өтүп, ага Азия менен Европадан 25ке чукул мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Алардын арасында AY YOLA тобу, ырчы Димаш Кудайберген жана Севак болду.