Радио

Шакый тукум куугандыктан толук айыгуу мүмкүн эмес. Дарыгердин түшүндүрмөсү

Врач-невролог, нейрофизиолог Султанбек Өмүрбеков эркектер көбүнчө класстердик баш оору менен жабыркай турганын айтты.
Sputnik
Баш оору стресстен, уйку канбагандыктан, аба ырайынын өзгөрүшүнөн же туура эмес тамактангандан пайда болот. Бул тууралуу Султанбек Өмүрбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, баш оору дүйнөдөгү эң кеңири таралгандыктан, ага ар бир адам кабылат.
"Баш оору стресстен, уйку канбагандыктан, аба ырайынын өзгөрүшүнөн же туура эмес тамактангандан пайда болот. Кээде ал кан басымдын көтөрүлүшү, травма же инсульт сыяктуу оорулардан кабар бериши да ыктымал. Эгер илдет күчөп, көз караңгылашып, сүйлөө начарлап чыдатпай жатса, дарыгерге токтоосуз кайрылуу керек. Ал 1-3 күнгө созулса шакый болушу ыктымал. Шакый тукум кууйт жана андан толук айыгуу мүмкүн эмес. Бирок алдын алып, көзөмөлдөөгө болот. Ал эми баш оору сейрек кармаса ибупрофендин 400 мг дозасын оорунун башында ичсе жардам берет. Кечиктирсе дары таасирин жоготот. Эркектер көбүнчө класстердик (бир нече жолу кайталанган неврологиялык илдеттин бир түрү) баш оору менен жабыркайт. Алар көп учурда бир көздүн айланасында топтолгон катуу оору менен белгилүү. Адатта ал бир нече жумадан бир нече айга чейин созулат", — деди Өмүрбеков.