24-июлга карата аба ырайы

24-июлга караган түнү республикада жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бейшембиде күндүз өлкөнүн айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 32…37, Талас аймагында 31…36, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 34…39, Ысык-Көл менен Нарын өрөөндөрүндө 27…32 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада 35…37, Ош шаарында 37…39 градуска көтөрүлөт.
Пресс-борбор
"Кыргыз почтасы" 2026-жылы өлкөдө элдик маркетплейс ачыларын кабарлады