БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Бүгүн Кытай парламентинин спикери Чжао Лэцзинин Кыргызстанга болчу расмий сапарына байланыштуу Бишкек менен Чүйдүн айрым жолдору убактылуу жабылат. Бул туурасында Жол милициясынан кабарлашты.
Чектөө коюла турган жерлер:
"Манас" аэропортунан Бишкекке чейинки бөлүк;
Фучик көчөсүнүн Бишкекке кирген жеринен Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Чүй проспекти Фучиктен Манас проспектине чейин;
Манас/Айтматов проспектинен "Ала-Арча" резиденциясына чейин;
"Ала-Арча" резиденциясынан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин.
Милиция автоунааларды жол четине калтырбоону жана өтө зарылдык жаралбаса оор жүк ташуучу автокөлүктөрдү пайдаланбай турууну эскертти.