Алтай элдери менен кыргыздардын этногенетикалык, этномаданий окшоштуктары

Sputnik
Кыргызстандык окумуштуулар Алтай университети менен биргеликте соңку жылдары эки элдин окшоштуктарын жана айырмачылыктарын иликтеген долбоорлорду ишке ашырып келишет. Анын арасында биздин академик Абылабек Асанканов агайыбыз да жигердүү эмгектенүүдө. Академик өзүнүн эки элдин этногенетикасы жана этномаданияты боюнча жасаган бир топ эмгектеринин жыйындысынан учкай биздин угармандарга айтып берди. Анда Асанканов кыргыздар Хакасия тараптан жер которуп Алтайга келип, анда жашоо кечирип, андан соң азыркы Кыргызстанга карай көчкөн тарыхый божомолдоолор чындыка жакынырак келет деген пикирде. Ошондой эле окумуштуу азыркы учурдагы алтайлыктар менен кыргыздардын маданиятындагы, чарбасындагы, тилиндеги окшоштуктарга токтолуп, кызыктуу баян курду.