Күн ысыкта асфальт жолго чыккан оор жүк ташуучу унааларга карата текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Чектөөнү эске албай, ашыкча жүк жүктөп, жолго чыккан унаалардын айдоочуларына айып салынууда. 19-майдан тарта аталган талапты бузган айдоочуларга жалпы 2 миллион 450 миң сом айып салынган. «Ачык кеп» программасында дал ушул ысыкта унаа жолго зыян келтиргендерге каршы жүрүп жаткан күрөш жана дегеле жолдун бузулушун алдын алуу жана аны көзөмөлдөө иштери тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Доолетов жооп берди.