Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Алтай Республикасына барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, сапар 24-26-июль күндөрү болуп, анын алкагында Касымалиев Тоолуу Алтай шаарында боло турган Эл аралык экологиялык конференцияга катышып, пленардык жыйында сүйлөйт. Анда Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын өкмөт башчылары жана Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары баштаган делегация экологиялык чакырыктар, климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерди талкуулашат. Ошондой эле Эл аралык экологиялык конференциянын жүрүшүндө эксперттик жана тематикалык сессиялар уюштурулат. Анда глобалдык суу балансын сактоо жана экологиялык туризмдин айланасында баяндамалар жасалып, тажрыйба алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу каралат.
Президенттин маалымат кызматы атактуу ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы эмнеге берилгенин билдирди. Сыйлыкты ага Ысык-Көлдөгү "Мейкин Азия" фестивалында мамлекеттик катчы Марат Иманкулов тапшырган."Наам Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достукту жана маданий байланышты чыңдоого кошкон салымы үчүн берилди. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон", — деп жазылган маалыматта. Ырчы ыраазылык билдирип, сыйлыкты кыргыз-казак элдеринин бекем достугунун символу катары кабыл аларын айтты. Ошондой эле концерт учурунда эки элдин ортосундагы жакшы мамиленин маанилүүлүгүн белгиледи. "Кыргыз менен казактын арасына жик салууну каалагандардын аракеттерине жол бербешибиз керек. Эки элдин ортосунда түбөлүк достук жана урмат-сый болуп, биздей өнөрпоздор кызмат өтөп жүрө берели", — деди Димаш. Эске салсак, "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалы Чолпон-Ата шаарында 20-22-июлда өтүп, ага Азия менен Европадан 25ке чукул мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Баткенде Салык кызматынын тескөөчүсү алган парасын кайтарып берип жаткан жеринен кармалганын ИИМден билдиришти. Кызыл-Кыяда салыкчы курулуш дүкөндүн ээсине миллион сом төлөшү керектигин айтып, бирок 200 миң сомго "маселени чечип берүүнү" убадалаган.Мындан кийин ишкер арыз менен кайрылып, иш козголгон. Тергөөдө шектүү дүкөн ээсинен керектүү сумманы алганы аныкталган. Ал эми 22-июлда улук тескөөчү Кызыл-Кыя шаарында дүкөндүн ээсине 2 200 доллар кайтарып берип жатканда кармалып, камакка алынды.
АКШнын өзөктүк коопсуздук боюнча улуттук башкармалыгындагы компьютерлердин бир бөлүгү хакерлердин чабуулуна кабылганын Bloomberg агенттиги жазды. "Кырдаалдан кабары бар маалымат булагынын айтымында, АКШнын улуттук өзөктүк куралдын арсеналы жана аны долбоорлоо үчүн жооптуу болгон агенттиги Microsoft ичиндеги документтер жүктөлгөн SharePoint системасы талкалангандардын бири болгонун айтты", — деп басылма жазган. Анткен менен хакерлер андагы купуя же жашыруун маалыматтарды алып жетишкен эмес. Анткен менен киберчабуулдан аталган башкармалык баш ийген АКШнын Энергетика министрлигинин компьютерлери да четте калбаганы айтылды.