Тыгынды азайтат, кеңештерди берет – Бишкекте “акылдуу аялдама” пайда болду

Sputnik
Бишкек шаарында “Акылдуу аялдама” пилоттук долбоору ишке кирди. Алгачкы маалымат тактасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы аялдамага орнотулду. Андан маршруттук номерлерди, жакынкы транспорттун келүү убактысын реалдуу убакытта көрсө болот. Ошондой эле "А" чекитинен "Б" чекитине чейинки каттамдар, транспорттун түрлөрү боюнча кеңештер камтылган. Дал ушул “Акылдуу аялдама” жана анын мүмкүнчүлүкторү тууралуу Бишкек мэриясынын Санариптик технологиялар борбору муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Чынгыз Джумагулов айтып берди.