Бүгүнкү күндө 894 социалдык кызматкер 9 242 жаранды үйүнө барып тейлешет. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигиннн билдиришкендей, анын ичинде: жалгыз жашаган улгайган жарандар – 3 676 адам; майыптыгы бар жарандар – 2 274 адам; жубайлар – 342 жуп; оор турмуштук абалга туш болгон үй-бүлөлөр – 2 956 үй-бүлө. Социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган жарандарга, майыптыгы бар жарандарга, кыймыл-аракетинде чектелүү болгондуктан өзүн-өзү камсыз кылууга жана ишке орношууга мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жубайларга жана оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө үй шартында жардам көрсөтүшөт. Бекитилген жеке графикке ылайык, жумасына эки жолу барып тейлейт.
Бүгүн Кытай парламентинин спикери Чжао Лэцзинин Кыргызстанга болчу расмий сапарына байланыштуу Бишкек менен Чүйдүн айрым жолдору убактылуу жабылат. Бул туурасында Жол милициясынан кабарлашты. Ага ылайык, "Манас" аэропортунан Бишкекке чейинки бөлүк; Фучик көчөсүнүн Бишкекке кирген жеринен Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү; Чүй проспекти Фучиктен Манас проспектине чейин; Манас/Айтматов проспектинен "Ала-Арча" резиденциясына чейин; "Ала-Арча" резиденциясынан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин чектөө коюлат. Милиция автоунааларды жол четине калтырбоону жана өтө зарылдык жаралбаса оор жүк ташуучу автокөлүктөрдү пайдаланбай турууну эскертти.
Чолпон-Ата шаарында 20-22-июлда "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалы өтүп, ага Азия менен Европадан 25ке чукул мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Алардын арасында Казакстан, Түркия, Россиядан келген жана жергиликтүү атактуу артисттер болду. Ыр майрам жыйынтыкталып, сынактын баш байгеси румыниялык аткаруучу Мария-Диана Стынчуляшага кетти. Биринчи орунду кыргызстандык Урмат Сатыбалдиев, экинчи орунду кыргызстандык Камир, россиялык Кира Гоголадзе жана беларустук Виталий Дроп алды. Үчүнчү орунду Түндүк Македония, Түркия жана Өзбекстандык талантуулар ээледи. "Көрүүчүлөрдүн арзуусуна" Саха Республикасынан келген катышуучу татыды. Ошондой эле концерттин жүрүшүндө казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы берилди. Президенттин тиешелүү жарлыгын "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалында окуп беришти. Димаш сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди. Айта кетсек, казакстандык ырчы "Мейкин Азия" фестивалынын алгачкы баш байгесинин ээси. Сынак 2013-жылы өткөн. Фестивалды көрүүгө президент Садыр Жапаров жана Монголиянын башчысы Ухнаагийн Хурэлсух да келген.
АКШнын мурдагы президенттери Барак Обама менен Жо Байден, ошондой эле Хиллари Клинтон 2016-жылкы шайлоодогу "Россиянын изи" тууралуу жалган маалыматтар үчүн жоопко тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу Дональд Трамп билдиргенин РИА Новости жазды. "Обама — бул топтун башчысы. Барак Хусейн Обама кармалды. Анын колу коюлган документтер бар. Байден да ошол жакта болгон. Дагы миңдеген документтер чыгат. Идея Обаманыкы, бирок Хилларинин жасалма материалдарынан келип чыккан. Биз аларды кармадык!" — деди Трамп. Трамп анын артынан куугунтук кылгандардын жооп бере турган мезгили келгенин белгилеп, аларга 2016-жылы эле чара көрүлүшү керектигин кошумчалады.