БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Россия менен Украинанын кезектеги сүйлөшүүлөрү 24-25-июлда өтөрүн РИА Новости өзүнүн маалымат булактарына таянып жазды.
Буга чейин тараптар Түркиянын Стамбул шаарында эки ирет жолуккан. Анын жыйынтыгы менен туткундарды алмашып, курман болгон аскерлердин сөөгүн бири-бирине өткөрүп беришкен. Мындан сырткары, Киев менен Москва чатакты жөнгө салуу боюнча меморандумдун долбоорлорун алмашышкан.
Ишемби күнү Украинадагы Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров Россияга кийинки аптада кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаганын Владимир Зеленский жарыялады. Россиялык делегациядагы маалымат булагы РИА Новости агенттигине мындай сунуш болгонун тастыктаган.
Жаңы жолугушууда тараптар мурда алмашкан тынчтыкты жөнгө салуу боюнча меморандумдарга байланыштуу ойлорун бөлүшүп, айрым гуманитардык маселелерди да талкууламакчы.