Чекушов Борбор Азия товарларын Россияга ташууга эмнелер жол ачарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Маркетплейстер, электрондук соода жана өнүккөн логистикалык инфраструктура Борбор Азиядан Россияга товар ташууга жол ачат. Бул тууралуу Борбор Азия эл аралык экономикалык форумунда РФтин өнөр жай министринин орун басары Роман Чекушов билдирди.
Форум бүгүн Душанбе шаарында башталды. Ал "Евразия жүрөгүнө саякат" экспедициясын жыйынтыктоочу иш-чара болууда. Экспедиция учурунда катышуучулар Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанды кыдырып, 10 миң чакырымдан ашык жол басышты.
Чекушовдун билдирүүсүндөгү негизги ойлор:
маркетплейстер, электрондук соода жана өнүккөн логистикалык инфраструктура Борбор Азиядан Россияга товар ташууга жол ачат;
Борбор Азия өлкөлөрү соодалашууда Россия алдыңкы орундарды ээлейт;
регион өлкөлөрү технология тармагында россиялык бизнес менен кызматташууга, ошондой эле биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдар.
Форумга Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнөн 500дөн ашык эксперт жана ишкер катышууда. Күн тартибинде евразиялык кызматташтык, өнөр жай парктары жана эркин экономикалык аймактар, логистика жана туризмди өнүктүрүү, суу ресурстарын башкаруу жана орус тилинин ролу талкууланууда.
Катышуучулар аймактын келечеги, экономикалык интеграцияны чыңдоо, технологияны өнүктүрүү жана жаштардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашат.
Иш-чараны Росконгресс фонду, Россия-Тажикстан ишкер кеңеши (РФ Соода-өнөр жай палатасынын алдында), "Аймактар аралык интеграциянын эл аралык борбору" жана Душанбе мэриясы уюштурууда.
Кыргызстан чекене сооданын өсүшү боюнча ЕАЭБ чөлкөмүндө лидер болууда