Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхында аны Москва асманын коргоочулар күнү деп атап келишет.
Гитлерчилердин бомбалоо жеңил болот деп ойлогону ордунан чыккан эмес. Советтик борборго жакындаганда аларды бир топ жагымсыз учурлар күтүп турган. Алар аэростаттар, түнкү истребителдер, зениттик аткылоо жана биринчи радар системасы эле.
Кыйратып жиберебиз деп келе жатып, советтик истребителдердин эпкининде калгандар талкаланды, ал эми бомбалагычтар аэростаттарга туш болду.
СССР лидери Иосиф Сталин аба чабуулунун мизин кайтарууга катышкан бардык адамдарга ыраазылык билдирди. 81 коргоочу мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланып, өзгөчө айырмаланган бешөө Ленин орденин алган.
Бул өзгөчө окуяны унутта калтырбай белгилөө идеясы СССРдин эл артисти Юрий Никулинге таандык. Ал согуш жылдарында Абадан коргонуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн сержант болгон.