Чолпон-Ата шаарында “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалы өтүп жатат.
Иш-чарага Азия менен Европанын 25тен ашуун өлкөсүнөн өкүлдөр катышууда. Арасында Казакстан, Түркия, Россия сыяктуу өлкөлөрдөн келген ырчылар жана кыргыз эстрадасынын атактуу өкүлдөрү бар. Конок катары россиялык белгилүү AY YOLA тобу жана армениялык ырчы Севак сахнага чыгышты.
Быйыл жеңүүчүлөрдү калыстар тобу жана көрүүчүлөр онлайн добуш берүү жолу менен аныктайт.
Фестивалдын жалпы байге фонду — 20 миң доллар. Баш байгенин ээси 8 миң доллар алат. Биринчи орун үчүн 6 миң, экинчи орунга 4 миң, үчүнчү орунга 2 миң доллар берилет.
Тема боюнча: