Кыргызстанда хоккей боюнча машыктыруучулар жетишпейт. Россиялык адистердин жардамы менен хоккейди өнүктүрүүгө жол ачтык. Бул тууралуу Саламат Тыналиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө хоккей инфраструктуралык жактан өнүгүүгө муктаж болуп турат.
"Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионунда чемпион болуп, экинчи дивизионго көтөрүлдү. Түрдүү кыйынчылыктарга карабай Стамбулда өткөн ири мелдеште оюнчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алышты. Эми курама экинчи дивизиондун В тайпасында күч сынашат. Бул — биз үчүн чоң чакырык. Анткени атаандаштык жогору. Ошентсе да татыктуу оюн көрсөтөбүз деп ойлойм. Учурда хоккей инфраструктуралык жактан да өнүгүүгө муктаж болуп турат. Негизи Кыргызстанда көп жылдан бери хоккейди ата-энелердин жардамы менен сактап келе жатабыз. Албетте, мамлекеттин, федерациянын колдоосу жогору", — деди Тыналиев.
Ошондой эле ал хоккейде чет элдик легионерлердин болушу да чоң ийгиликке жеткирип, россиялык машыктыруучулардын тажрыйбасы колдонулуп жатканын кошумчалады.