Тетиктерди алып келип автоунаа курап, мыйзамсыз каттагандар кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Автоунааларды мыйзамсыз каттоо схемасы аныкталып, шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга Honda үлгүсүндөгү унаа тетик түрүндө алып келинип, жасалма документердин негизинде каттоого алынган. Натыйжада мамлекетке 15,6 миллион сом зыян келтирилгени айтылды.
1 / 2

Маалыматка ылайык, Кыргызстанга Honda үлгүсүндөгү унаа тетик түрүндө алып келинип, жасалма документердин негизинде каттоого алынган

2 / 2

Натыйжада мамлекетке 15,6 миллион сом зыян келтирилгени айтылды

Кылмышка шектелип кармалган жети адамдын арасында "Унаа" ишканасынын кызматкерлери дагы бар экени кошумчаланды. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып, аталган кылмышка катышы бар башка адамдарды тактоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Таза кийинип, соттолбошу керек. ИИМ такси айдоочуларына карата эреже иштеп чыкты