Көк бөрү оюну убактылуу тыныгуудан кийин кайрадан жанданат

Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Көк бөрү оюну тыныгуудан кийин кайрадан жанданат. Бул тууралуу аталган спорт федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.
Маалыматка ылайык, жыл сайын 31-августта өтүп келген президенттин кубогу быйыл да уюштурулат.
"Улуттук сыймыгыбыз болгон көк бөрү боюнча эң жогорку даражадагы мелдеш — президенттин кубогу 25-ирет өтөт", — деп жазды Жунусалиев.
Эске салсак, 12-мартта Нооруз кубогунун алкагында өткөн беттеште улакчылар кагышып, бир адам каза болгон. Андан соң оюндар убактылуу токтоп калган. Анткен менен Дене тарбия жана спорт агенттиги аталган спортко тыюу салынбай турганын билдирген.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Бишкекте жана Ысык-Көлдө өтөт