Чыныбаева: Борбор Азиянын экономикасын бирдиктүү долбоорлор аркылуу өнүктүрсө болот

Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Биргелешкен долбоорлор аркылуу гана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо алабыз. Бул тууралуу кыргызстандык ишкер айым, Бишкектин мурунку вице-мэри Айжан Чыныбаева Борбор Азия эл аралык экономикалык форумунда билдирди.
Иш-чара бүгүн Душанбе шаарында старт алды. Ага Россиядан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген 500дөн ашуун эксперт жана ишкерлер катышууда.
Чыныбаева кыргызстандык аялдар ишкерлик менен активдүү алектенип жатканын айтты.
"Былтыр бизге — ишкер айымдарга миңден ашык аял кошулду. Алар тигет, соода кылат, сабак берет", — деди ал.
Чыныбаеванын айтымында, Кыргызстанда аялдардын 50 пайызга жакыны билим берүү тармагында иштейт, алардын 29%ы чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө эмгектенет.
Ал ошондой эле евразиялык интеграцияда буга чейин көп иштер жасалганын белгиледи.
"Учурда интеграцияланып жатабыз, бизде бизнести жүргүзүү боюнча тажрыйба менен бөлүшкөн жамааттар бар", — деди Чыныбаева.
Чекушов Борбор Азия товарларын Россияга ташууга эмнелер жол ачарын айтты