Баш байге румыниялык ырчыга берилди. “Мейкин Азиянын” жеңүүчүлөрү аныкталды

Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан “Мейкин Азия” эл аралык фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
25 өлкөнүн аткаруучулары катышкан сынактын баш байгесин румыниялык ырчы Мария-Диана Стынчуляша жеңип алды.
Фестивалды көрүүгө президент Садыр Жапаров жана Монголиянын башчысы Ухнаагийн Хурэлсух дагы келген.
Иш-чаранын башка жеңүүчүлөрү:
I орун — Урмат Сатыбалдиев (Кыргызстан);
II орун — Камир (Кыргызстан), Кира Гоголадзе (Россия) жана Виталий Дроп (Беларусь). Үч аткаруучу ээ болду;
III орунду —Полина Тасева (Түндүк Македония) жана Тулкин Тажиев (Өзбекстан) ээлешти;
“Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү” байгесине Саха Республикасынан келген катышуучу Кирилл Матвеев татыды.
Ошондой эле концерттин жүрүшүндө казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргызстандын эл артисти наамы берилди. Президенттин тиешелүү жарлыгын "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалында окуп беришти. Димаш сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди.
1 / 4

Фестивалды көрүүгө президент Садыр Жапаров жана Монголиянын башчысы Ухнаагийн Хурэлсух дагы келген

2 / 4

Ошондой эле концерттин жүрүшүндө казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайбергенге Кыргызстандын эл артисти наамы берилди

3 / 4

25 өлкөнүн аткаруучулары катышкан сынактын баш байгесин румыниялык ырчы Мария-Диана Стынчуляша жеңип алды

4 / 4

Быйыл фестивалдын жеңүүчүлөрүн калыстар тобу жана көрүүчүлөр онлайн добуш берүү жолу менен аныктады

Айта кетсек, казакстандык ырчы — "Мейкин Азия" фестивалынын алгачкы баш байгесинин ээси. Сынак 2013-жылы өткөн.
Быйыл фестивалдын жеңүүчүлөрүн калыстар тобу жана көрүүчүлөр онлайн добуш берүү жолу менен аныктады.
Фестивалдын жалпы байге фонду — 20 миң доллар. Баш байгенин ээси 8 миң доллар алат. Биринчи орун үчүн 6 миң, экинчи орунга 4 миң, үчүнчү орунга 2 миң доллар берилет.
Ысык-Көлдөгү “Мейкин Азия” фестивалы кандай өтүп жатат? Видео