БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик органдары аймактык бөлүмдөрүнүн бир бөлүгүнөн ажырашы мүмкүн.
Юстиция министрлиги көптөгөн ведомстволордо башкаруунун үч баскычтуу системасы иштеп жатканын эскертти. Алар борбордук, облустук жана райондук болуп бөлүнөт. Бул нерсе функциялардын кайталанышына, башкаруунун татаалдашына жана ресурстардын натыйжасыз сарпталышына алып келери белгиленди.
Мындан улам облустук же райондук башкаруунун зарылдыгына баа берүү сунушталууда. Мамлекеттик органдар бул системаны сактап калуунун зарылдыгын негиздеши же аны кайра уюштуруу боюнча сунуштарды киргизиши керек болот.
Эске салсак, өлкөдө марттын башында мамлекеттик башкарууну реформалоо планы жарыяланып, анын негизинде 1-октябрга чейин юстиция министри Аяз Баетов минкаб төрагасынын орун басары даражасында Стратегиялык демилгелер боюнча улуттук институттун (СДУИ) директору болгон.
Анын алкагында бир катар демилгелер көтөрүлгөн. Алсак, 50 жашка чейинкилерге маалым каттарды онлайн гана берүү сунушталган. Мындан тышкары, тынч учурда ӨКМдин дарыгерлерин жана техникасын пайдаланууга жол ачуу каралып жаткан.
Ошондой эле 1-августтан баштап Улуттук статистика комитетинин облустук башкармалыктарын жоюу чечими кабыл алынган.