Бишкекте кер-мур айтыша кеткен жигиттерди аткан мас киши кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкекте мас киши кер-мур айтыша кеткен бейтааныш жигиттерди мылтык менен аткан. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, Пишпек менен Литвинов көчөлөрүнүн кесилишинде Н.Н. аттуу 40 жаштагы тургун үч жигит менен уруша кетип, аларга мылтыктан ок чыгарган.
Факт боюнча "Бейбаштык" жана "Курал-жарактын мыйзамсыз жүгүртүлүшү" беренелери менен иш козголуп, шектүүнүн үйүнөн мылтык жана 500дөн ашык ок-даары алынган.
Бактыга жараша, эч ким жабыркаган эмес.
Ысык-Көлдө эки күндө браконьерлерден 13 чакырым тор, 11 кайык алынды