БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамптын кекетүүлөрүнө карабастан, Россиянын жетекчилиги Украинадагы жаңжал боюнча өз максатынан баш тарткан жок. Бул тууралуу The Hill басылмасына шилтеме жасап РИА Новости жазды.
"Кремль өзүнүн талаптарынан баш тарткан жок. Трамп президент Владимир Путин 50 күндүн ичинде Украина менен ок атышууну токтотууга макул болбосо жаңы санкциялар менен коркутууда", — деп айтылат макалада.
Өткөн жумада АКШнын лидери Москвага 50 күндүк шарт коюп, Киев менен тынчтык келишимге барууну талап кылган. Эгер талаптар аткарылбаса Трамп Россиядан келген бардык товарларга 100 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин, ошондой эле мунай, газ жана башка энергия булактарын сатып алган өлкөлөргө карата кошумча тарифтерди да колдонорун айткан.
Ошол эле учурда ал АКШ жана Евробиримдик Украинага америкалык курал-жарак жөнөтүү боюнча макулдашканын билдирген. Бирок бул чыгымдарды Европанын өзү көтөрөт. Келечектеги аскердик көмөк Patriot абадан коргонуу системаларын да камтышы мүмкүн.
Европа согушту улантууга түрткү болгон курал сатып алууга ири каражат коротууга даяр экенин жарыялаган. Бирок Франция, Чехия, Италия жана Венгрия аны сатып алуудан баш тартып, карама-каршы пикирлер жаралган.