Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын изилдеген окумуштуу. Илимге өмүрүн арнаган Нарынбек Алымкулов

Sputnik
Жакында эле КР Улуттук илимдер академиясында окумуштуу Нарынбек Алымкуловдун “Кыргызстанцы - Герои Советского Союза и полные кавалеры ордена Славы: новые факты, имена” китебинин бет ачаары өттү. Тилекке каршы китеп автордун көзү өткөндөн кийин жарык көрүп калды.
Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Нарынбек Алымкулов өмүрүн илимге арнаган инсан. Негизи кыргыз тарыхчыларынын ичинен Улуу Ата Мекендик согуш темасына кайрылган окумуштуулар аз. Бирок Нарынбек Алымкулов бул теманы улам казып изилдеген.
Бирок кенен, маалымат көп болгондуктан өмүрү да жетпей калган. Бүгүн жолдошунун эмгегин Сыңару Алымкулова жарыялап отурат. “Туяк” программасында окумуштуунун өмүр жолу жана илимий изилдөөсү тууралуу кенен баарлаштык.