Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Базар-Коргон шаарында 936 батирлүү үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Атайын кызматтан билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызмат адамдарына тапшырмалар жана талаптар коюлду.Андан соң Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндө курулуп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулуш иштери менен таанышты. Бул обьектиде да кызмат адамдарына тийиштүү тапшырмалар коюлду. Мамлекеттик ипотекалык үйлөр Кочкор-Ата шаарында да курулуп жатат. Жалпылап алганда Базар-Коргон, Ноокен жана Кочкор-Атада азыркы тапта 3000ге чукул батирлерди камтыган көп кабаттуу үйлөр курулууда. Алдыда бул долбоорлор дагы улантылат жана элге ипотекалык үйлөрдү куруу иштери активдүү жүргүзүлө берет.
Өлкөдө быйыл ишке берилүүчү 128 ишкананын бири Ош облусунун Ноокат районундагы “Бешбурхан” көмүр кени жыл аягында, октябрь-ноябрь айларында ишке берилет. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.Анын айтымында, аталган кендин аянты 317,2 гектарды, ал эми көмүрдүн жалпы запасы 45,1 млн тоннаны түзөт. “Бешбурхан” көмүр кени боюнча тиешелүү мекемелерден корутундулар алынып бүтүп, лицензиялык келишим узартылды. Техникалык-экономикалык оптималдаштырууга байланыштуу эски шахтаны даярдоо иштери жүрүп жатат.”, - деди Маматов. Белгилей кетсек, ишкана жетекчиси “Бешбурхан” көмүр кени толугу менен инвесторлордун каржылоосу менен ишке берилерин маалымдады.
Биргелешкен долбоорлор аркылуу гана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо алабыз. Бул тууралуу кыргызстандык ишкер айым, Бишкектин мурунку вице-мэри Айжан Чыныбаева Борбор Азия эл аралык экономикалык форумунда билдирди. Иш-чара бүгүн Душанбе шаарында старт алды. Ага Россиядан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген 500дөн ашуун эксперт жана ишкерлер катышууда. Чыныбаева кыргызстандык аялдар ишкерлик менен активдүү алектенип жатканын айтты. Чыныбаеванын айтымында, Кыргызстанда аялдардын 50 пайызга жакыны билим берүү тармагында иштейт, алардын 29%ы чакан жана орто бизнес чөйрөсүндө эмгектенет.
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында дем алыш күндөрү кыргыз кинолору көрсөтүлөт. Демилгени Президенттин иш башкармалыгына караштуу Ала-Арча паркы көтөрүп, “Кыргызфильм” киностудиясы менен чогуу ишке ашырылды. Иш-чара кыргыз кино тарыхында түстүү болуп тартылган алгачкы “Салтанат” көркөм фильминин 70 жылдыгына арналган. Максаты — улуттук кинолорду жайылтуу, жаштардын маданий аң-сезимин жана улуттук мураска болгон сый-урматын калыптандыруу.Мыкты тасмалар көрүүчүлөргө дем алыш күндөрү (күзгө чейин) Ала-Арча паркынын амфитеатрында тартууланат.