Кыргызстандык аялдарда стресс гормону жогору — аны кантип нормалдаштыруу керек?

Sputnik
Кыргызстандагы аялдарда стресс гормону (картизол) жогору. Адистердин пикиринде, бул үй-бүлөлүк, экономикалык жана социалдык жоопкерчиликтерден улам болушу мүмкүн. Айрыкча айыл жерлеринде эмгек шарттары оор жана колдоо жетишсиз. Мындан улам аялдардын организминде кортизол сыяктуу стресс гормондору көбөйүп, ден соолукка терс таасирин тийгизет. Стресс узакка созулган учурда депрессия, уйкусуздук жана башка оорулар пайда болушу ыктымал. Кортизол жогорулаганда кандай белгилер болот? Аны кантип нормалдаштыруу керек? Стрессти азайтуу жана гормоналдык тең салмакты сактоо үчүн эмне кылуу керек? Качандарыгерге кайрылуу керек? Гормондор жана алардын аялдын жашоосундагы ролу кандай? Ушул жана башка суроолорго "Көз мончок" программасынан жооп ала аласыздар.