Баш оору тынч жашоого тоскоол болот — кайсы учурда кооптуу жана качан дарыгерге кайрылуу керек?

Sputnik
Баш ооруга дээрлик ар бир адам чалдыгат. Кимдир бирөө аны жөн эле чарчоого жоруса, айрым учурда бул олуттуу оорулардын белгиси болушу мүмкүн. Баш оорунун эң кеңири тараган түрлөрүнө мигрень, чыңалуудан болгон оору жана кластердик баш оорулар кирет. Айрым учурларда баш оорулар стресс, уйкунун жетишсиздиги, аба ырайынын өзгөрүшү же туура эмес тамактануудан улам пайда болот. Эгерде баш оору үзгүлтүксүз кайталанса же башка белгилер менен коштолсо дарыгерге кайрылуу зарыл. Учурда медицинада баш ооруну жеңилдетүүчү көптөгөн дарылар жана дарылоо ыкмалары колдонулууда. Бул тууралуу , врач-невролог, нейрофизиолог Султанбек Өмүрбеков айтып берди.