Педагогикалык багыттар боюнча бюджеттик орундар жоюлду — эми эмне болот?

Sputnik
2025-2026-окуу жылынан тарта өлкөдө педагогикалык багыттар боюнча бюджеттик орундар жоюлуп, анын ордуна пилоттук ваучердик каржылоо системасы киргизилип жатат. Мурда Билим берүү жана илим министрлиги гранттардыжогорку окуу жайлардын арызына жараша бөлүштүрүп келген. Эми болсо абитуриенттер окуу жайды өздөрү тандайт. Ваучердик каржылоо механизмин сынап көрүү долбооруна жалпысынан 16 жогорку окуу жай катышууда. Алардын ичинен экөө менчик окуу жай. Ваучердин бир жылдык наркы 42 миңден ашуун сомду түзөт. Эгерде менчик окуу жайда окутуунун баасы ваучердин суммасынан жогору болсо, анда айырманы студент өзү төлөйт. Педагогдорду даярдоо үчүн болжол менен 1800 миңге жакын орун бөлүндү. Окууну бүткөндөн кийин бүтүрүүчү мамлекет жиберген уюмда эки жыл иштеп бериши керектигин Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү Айнура Асан кызы маалымдады.