"Манастагы" каармандардын ысымдарын уруксатсыз колдонууга болбойт - Жаңы токтомдун максаты эмне?

Sputnik
“Манас” эпосундагы каармандардын ысымдарын Манас, Семетей, Сейтек, Бакай ж.б. аттарды Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана коргоо боюнча комиссиянын уруксаты менен гана пайдаланууга жол берүү сунушталды. Маданият министрлиги министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун иштеп чыкты.
Токтомдун максаты жана милдеттери тууралуу “Күн башат" программасынын алкагында маектештик. Биздин суроолорубузга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин материалдык эмес маданий мурастар багыты боюнча башкы адиси Атыркүл Сейизова жооп берди.