Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул мыйзамдын максаты адамдын өзүнүн банктык картасын, эсебин, электрондук капчыгын, мобилдик банкингин, SIM-картасын же башка финансылык реквизиттерин үчүнчү жактарга берүүсүнө же сатуусуна жол бербөө болуп саналат, бул IT-технологиялары аркылуу жасалган кылмыштардын деңгээлин азайтууга өбөлгө түзөт. Алсак, ушул мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексин электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген ченем менен толуктоо сунушталат. Ошол эле учурда “электрондук төлөм каражаттары” деген түшүнүк аныкталат.
Ысык-Көлдөгү ЖОЖдордон 1000ге жакын студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, комиссия алардын сабакка катышпаганын, билимдери жетиштүү деңгээлде болбогонун аныктаган. Анын негизинде төмөнкү окуу жайлардан студенттер айдалган: К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинен — 779 студент; Ж.Баласагын атындагы КУУнун гуманитардык-табигый илимдер факультетинен — 114 студент; И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинен — 48 студент.
“Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалынын жалпы байге фонду 20 миң доллар. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Анын айтымында, фестивалдын баш байгесинин ээсине 8 миң доллар ыйгарылат. Биринчи орун үчүн 6 миң, экинчиге 4, үчүнчүнү алган адамга 2 миң доллар берилет. "Жыл сайын фестивалдын деңгээли өсүп жатат. Быйыл Кыргызстан А класстагы сертификат алат. Бул өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын деңгээли Евровидениеге тең келгенин билдирет", — деди Мирбек Мамбеталиев.
Бишкектин жака-белинде "Мендештин кайтып келиши" деп аталган кинофильмди кыргыз-орус тараптын чыгармачыл адамдары катышып, биргелешип тартууда.Эмгек Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган. Фильмде 1942-жылдагы окуя чагылдырылат. Андагы баш каарман — Ржев салгылашынын баатыры Мендеш Өмүралиев. 2016-жылы издөө отряддары анын сөөгүнүн калдыктарын Ржевдин жанынан таап чыгышкан.Фильмдин айрым бөлүгү Кыргызстанда, калганы Россия менен Беларуста тартылат. Кинонун башкы продюсери Людмила Кукобанын айтымында, тартуу иштери июлдун аягында бүтүп, андан ары картина монтаждалат.
Россия менен Украинанын кезектеги сүйлөшүүлөрү 24-25-июлда өтөрүн РИА Новости өзүнүн маалымат булактарына таянып жазды. Буга чейин тараптар Түркиянын Стамбул шаарында эки ирет жолуккан. Анын жыйынтыгы менен туткундарды алмашып, курман болгон аскерлердин сөөгүн бири-бирине өткөрүп беришкен. Мындан сырткары, Киев менен Москва чатакты жөнгө салуу боюнча меморандумдун долбоорлорун алмашышкан. Ишемби күнү Украинадагы Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров Россияга кийинки аптада кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаганын Владимир Зеленский жарыялады.Россиялык делегациядагы маалымат булагы РИА Новости агенттигине мындай сунуш болгонун тастыктаган. Жаңы жолугушууда тараптар мурда алмашкан тынчтыкты жөнгө салуу боюнча меморандумдарга байланыштуу ойлорун бөлүшүп, айрым гуманитардык маселелерди да талкууламакчы.