БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кара-Балта мэриясынын үч кызматкери мамлекетке 26 миллион сомдук зыян алып келди деген шек менен кармалганын УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын айтымында, алар аталган шаарга бөлүнгөн 1 миллиард сомду жумшоодо мыйзамдарды бузган.
Тагыраагы, шектүүлөрдүн бири, мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы директору кызматтык абалынан пайдаланып "О К" жана "Р С" ЖЧКларына тендерден утууга "жардамдашкан".
Дагы бир учур, бул ишканалар келишимдеги сумманын 7ден 15 пайызына чейинки бөлүгүн аталган башкармалыктын дагы бир кызматкерине берүүгө мажбур болушканы айтылды.
Атайын кызмат ушул эле башкармалыктын эсепчиси "откат" алып, мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кеткенге шарт түзүп бергенин кошумчалады.
"Эң негизгиси, мунун баары Кара-Балтанын мэринин көрсөтмөсү менен жасалып, акча өз ара бөлүштүрүлүп келген", — дешти УКМКдан.
Эске салсак, буга чейин Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов кармалган.