БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. АКШ президентинин кадамдарынан улам Кошмо Штаттардын Россиянын жер семирткичтерине көз карандылыгы күчөдү. Бул туурасында The Washington Post басылмасы жазды.
"Киргизилген бажы төлөмдөрү айрым (балким, атайылап жасалбаган) кесепеттерге алып келди. Мисалы, азыр АКШ буудай, жүгөрү жана күрүч сыяктуу дагы башка өсүмдүктөрдү эккенде кеңири колдонулуучу карбамид жер семирткичин Россиядан алып келүүгө көбүрөөк көз каранды болуп калды", — деп айтылган маалыматта.
StoneX каржы компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, май айында мындай жер семирткичтин 64 пайызы РФтен алып келинген. Бул — Трамптын башка өлкөлөргө 10 пайыздык бажы алымын кошконго чейинки маалга салыштырмалуу эки эсе көп көлөм.
Өткөн аптада АКШ президенти Москвага Киев менен эпке келүүсүнө 50 күн убакыт берерин жар салган. Эгер шарты аткарылбаса россиялык импортко 100 пайыздык тариф бекитип, Россиядан нефть, газ жана уран сатып алган өлкөлөргө кошумча бажы алымын киргизерин айткан.
Тарифтер жер семирткичтерге түздөн-түз тиешелүү болобу же жокпу, белгисиз. Анткен менен The New York Times өткөн жумада белгилегендей, ушундай кырдаалдан улам аталган жааттагы чыгымдар өсө баштады. Басылманын маалыматына караганда, америкалык айыл чарба тармагындагылар чыгымга учураганга даярданып жатат.
Басылманын жазганына таянсак, 2024-жылы АКШ Россиядан 1,3 миллиард долларга жер семирткич сатып алган. Алардын басымдуу бөлүгү карбамид жана карбамид-аммиак селитрасы болгон. Бул заттар жүгөрү, соя жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө өтө маанилүү.
Материалда мындай жогорку бажы төлөмдөрүн киргизүү дыйкандардын чыгымдарын олуттуу көбөйтүп, кыйын кырдаалга кептей турганы айтылган. Алар буга чейин эле айыл чарба продукцияларына болгон төмөн баалардан улам бир топ кыйналып келген.