БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. “Мейкин Азия” эл аралык музыкалык фестивалынын жалпы байге фонду 20 миң доллар. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Анын айтымында, фестивалдын баш байгесинин ээсине 8 миң доллар ыйгарылат. Биринчи орун үчүн 6 миң, экинчиге 4, үчүнчүнү алган адамга 2 миң доллар берилет.
"Жыл сайын фестивалдын деңгээли өсүп жатат. Быйыл Кыргызстан А класстагы сертификат алат. Бул өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын деңгээли Евровидениеге тең келгенин билдирет", — деди Мирбек Мамбеталиев.