СССРдин курамында болгон Балтика боюндагы өлкөлөрдүн тарыхы. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik.1940-жылдын 21-июлунда Балтика боюндагы өлкөлөрдүн парламенттери Латвия, Литва жана Эстония ССРлеринин түзүлгөнү туурасында билдирүү жасашты.
Бул туурасындагы видеону Sputnik Ближнее зарубежье каналы жарыялады.
Алар 1991-жылга чейин СССРдин курамында болгон.
Аталган канал Балтика боюндагы республикалар эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин демографиянын чуңкуруна түшүп бара жатканын жазды.
"Советтик баскынчылардан", тагыраагы, СССРден аларга өнүккөн өнөр жай, сапаттуу жолдордун тармагы жана деңиз порттору мурас катары калган. Анткен менен азыр аталган аймактарда советтик символдордон жана алардын ысымы берилген көчөлөрдөн, эстеликтерден "арылып" жатышат.
Балтика боюндагы чабуул операциясынын аякташына 79 жыл болду. Тарыхый видео