БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектин жака-белинде "Мендештин кайтып келиши" деп аталган кинофильмди кыргыз-орус тараптын чыгармачыл адамдары катышып, биргелешип тартууда.
Эмгек Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган.
Фильмде 1942-жылдагы окуя чагылдырылат. Андагы баш каарман — Ржев салгылашынын баатыры Мендеш Өмүралиев. 2016-жылы издөө отряддары анын сөөгүнүн калдыктарын Ржевдин жанынан таап чыгышкан.
Фильмдин айрым бөлүгү Кыргызстанда, калганы Россия менен Беларуста тартылат. Кинонун башкы продюсери Людмила Кукобанын айтымында, тартуу иштери июлдун аягында бүтүп, андан ары картина монтаждалат.
"Мендештин кайтып келишин" элге көрсөтүү күзгө пландалган. Кинонун жаратуучулары чыгарма тарыхый эс тутумду сактап калууда жана өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо маанилүү салым кошот деген ниетте.
Буга чейин аталган долбоорду УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин колдоп жатканы кабарланган.
Тарыхка кайрылсак, расмий маалыматтарда 1942‑1943-жылдары Ржевдин алдында бул канды булоондо миллиондон ашуун советтик жоокерлер, офицерлер өмүрүнөн айрылган дешет. Ал эми бейрасмий маалыматтарда Ржев согушунда 2 миллиондон ашык аскер курман болгону айтылат.