995 өмүр кыйылды. Израиль аскерлери газалыктарды гумжардам борборунда өлтүрүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Израилдин Газа тилкесиндеги гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү борборлоруна жасаган чабуулунун кесепетинен 27-майдан бери эсептегенде 995 адам курман болуп, алты миңден ашууну жаракат алган. Бул туурасында РИА Новости жазды.
15-июль күнү эле Израилдин танкаларынын аткылоосунан кеминде 59 адам көз жумган.
Газа бийлиги АКШ менен Израилдин көзөмөлүндөгү "Газанын гуманитардык фонду" башкарган жардам бөлүштүрүү борборлорун "өлүм тузагы" деп атады. Палестиналыктар ал жерлерде жардам алуу үчүн кезекке турат да, ЦАХАЛ чыгарган окко кабылып өмүрүнөн айрылып жатат.
"Кырдаал өтө оор. Эмчектеги 60 миң ымыркай ачка калууда. 10 жашка чейинки 600 миңдей баланын өмүрү тамак-аштын жетишсиздигинен улам коркунучта турат. 60 миң кош бойлуу аял тое тамак жебей жатат... Ачарчылык апааттын деңгээлине жетти", — деп билдиришти анклавдын Саламаттык сактоо министрлигинен.
Акыркы суткада ачарчылык 18 газалыктын өмүрүн алган. Минстрликтен аталган тилкедеги курчоо уланып, андан улам келип чыккан ачарчылыктан жалпысынан 86 киши көз жумса, анын 76сы балдар болгонун билдиришти.
Израиль атышууну токтотуу жарыялангандан кийин да Газаны аткылады