Ала-Арча паркында дем алыш күндөрү кыргыз кинолору көрсөтүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында дем алыш күндөрү кыргыз кинолору көрсөтүлөт.
Демилгени Президенттин иш башкармалыгына караштуу Ала-Арча паркы көтөрүп, “Кыргызфильм” киностудиясы менен чогуу ишке ашырылды. Иш-чара кыргыз кино тарыхында түстүү болуп тартылган алгачкы “Салтанат” көркөм фильминин 70 жылдыгына арналган. Максаты — улуттук кинолорду жайылтуу, жаштардын маданий аң-сезимин жана улуттук мураска болгон сый-урматын калыптандыруу.
Мыкты тасмалар көрүүчүлөргө дем алыш күндөрү (күзгө чейин) Ала-Арча паркынын амфитеатрында тартууланат.
Адамалиев: кыргыз кинолору Голливуддуку менен атаандашууда