Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Нааразылык жаратып, артка кайтарылган Жер кодексине президент кол койдуБишкектеги мектептерге окуучулардын коопсуздугу үчүн камералар орнотулуудаАдылбек Касымалиев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугуштуАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Министрлер кабинетинин башчысы бул мамлекеттик сапар мамлекеттер аралык достук мамилелердин тарыхында жаңы барагын ачаарын баса белгиледи.Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын өнүгүшүндөгү оң динамиканы белгиледи. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 10,2 млн АКШ долларын түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көбөйдү. Өз кезегинде Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух кыргыз тараптын меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент Садыр Жапаров нааразылык жаратып артка кайтарылган Жер кодексинин макулдашылган вариантына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында кабарланган. Кодекстин мурдагы редакциясында элде коомдук муктаждык үчүн мамлекет менчик жерди базар баасынан арзан алып коет деп кооптонушкан. Кийин президент жеке менчик мүлк кол тийгис экенин билдирип, мыйзам долбоорун каршы пикири менен артка кайтарган. Кайрадан макулдашылып, Жогорку Кеңеш тарабынан 4-июнда кабыл алынган мыйзам долбоорунда кенемте төлөө пунктунда "жетишерлик баа" деген түшүнүк "базар баасында" дегенге алмаштырылды. Башкача айтканда, менчикти мамлекеттик же коомдук муктаждык үчүн алууда көз карандысыз адис базар баасын аныктап, ошол нарк макулдашуу үчүн колдонулат.Мындан тышкары, "Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга да кол коюлду. Ал жер тилкелеринин укуктук макамын тактап, мурда берилген укуктарды таануу жана коргоо, ошондой эле эски укук документтерин бирдиктүү кадастрдык планга өткөрүү тартибин белгилейт.
Окуучулардын коопсуздугу үчүн мектептерге камералар орнотулууда. Бул тууралуу мэрдин орун басары Виктория Мозгачева маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мурда видеосистемалары орнотулбаган мектептерге, кошумча мектеп имараттарына жана бала бакчаларга VPN камераларын орнотууга 24,6 млн сом өлчөмүндө каржылоо бөлүнгөн. “Учурда билим берүү департаменти конкурс (тендер) жарыялады. Бишкек шаарынын мэриясынын буйругу менен шаардагы бала бакчалар менен мектептердин ички көзөмөл камераларын жаңылоо жана жабдуу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 45 млн сом бөлүндү. Эми жакынкы убакытта административдик-аймактык реформанын алкагында шаардын карамагына өткөн мектептерге жана кошумча корпусу курулуп жаткан мектептерге видеобайкоо системалары орнотулат”, - дейт мэрдин орун басары. Ошондой эле ал коопсуздукту камсыздоо үчүн шаардык бюджеттен күзөт үчүн каражат бөлүнгөнүн кошумчалады.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 81 тыйынга рубль 1 сом 12 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ22-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 22-июль, шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +33...+38, Талас аймагында +32...+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл жергесинде +28...+33, Нарын өрөөнүндө +25...+30 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +36...+38, Ош шаарында +37...+39 градуска көтөрүлөт.