25-майдан 1-июнга чейин Россиянын беш шаарында “ГИТИС fest. Театралдык Волга – 2025” аталышындагы эл аралык иш-чара өттү. Ал белгилүү орус жазучусу Антон Чеховдун 165 жылдыгына арналган. Анын алкагында билим берүү жана чыгармачылык иш-чаралар орун алып, көптөгөн кызыктарды ичине камтыган. Ага Кыргызстандан да өкүлдөр барып катышты. Тактап айтканда Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын тогуз студенти барып, өнөрлөрүн тартуулап, кыргыз дүйнөсүн даңазалап келишти.
Бул иш-чара тууралуу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайдын директору Курманжан Адылбекова жана аталган окуу жайдын студенттери Жандос Абасканов жана Марлен Жумабаев айтып беришти.