Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүдө жалпы сумманын 1,9 пайызына ээ. Армения – 1,2%, Беларусь – 4,86%, Казакстан– 6,9%, Россия – 85,65% үлүш алат. Бул үлүштөрдүн негизинде бажы төлөмдөрү күн сайын мүчө мамлекеттердин улуттук банктарындагы атайын ачылган эсептерге которулат. Ушул жылдын алты айында Кыргызстанга ЕАЭБ аркылуу 11 миллиард 667,9 миллион сом бажы алымы түшкөн. Анын ичинен Россиядан 9 миллиард 161,1 миллионсом которулган. Жалпысынан, өлкө бажысы аркылуу 19 миллиард 194,7 миллион сом чогулган. Бөлүнгөн каражаттар мамлекеттик бюджетке чоң салым кошот жана өлкөнүн ар кайсы тармактарына таасирин тийгизет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кочкоров билдирди.