Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Бүгүн, 21-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун анын өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү болду. Тараптар эки жактуу кызматташуунун негизги багыттарын, анын ичинде саясат, соода жана экономика, транспорт жана айыл чарба тармагын талкуулашты. Санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан жана Монголия тарыхый достук байланыштары бар мамлекеттер экенин, алардын тамыры терең байыркылыкка кетерин баса белгиледи.Өз кезегинде Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жылуу кабыл алуу жана меймандостук үчүн ыраазычылык билдирдт.
Экономика жана коммерция министрлигинде кыргыз-өзбек соода кызматташтыгын күчөтүү планы талкууланды. Ведомстводон маалымдашкандай, талкуу министринин орун басары Султан Ахматов жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Анда 2024-2030-жылдарга карата Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү маселеси каралды. Бул план эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн туруктуу көбөйтүүгө, тоскоолдуктарды жоюуга жана өнөр жай кооперациясын күчөтүүгө багытталган. Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба продукциясы, текстиль, курулуш материалдары жана электр жабдуулары боюнча сооданы активдештирүү багытындагы иштер, ошондой эле мамлекеттик органдардын планды ишке ашыруудагы учурдагы жыйынтыктары талкууланды.
Кыргызстандык снайперлер Кытайдагы эл аралык мелдеште ийгилик жаратышты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 15-18 июлда Үрүмчүдө "Sharp Blade — 2025" көзгө атарлардын эл аралык мелдеши өткөн. Ага 25тен ашуун өлкөдөн 55 команда катышкан. Сынак төрт категория боюнча 12 дисциплинаны камтыды: жогорку тактыктагы снайпердик атуу; тактикалык кырдаалдарда ок атуу; комплекстүү күжүрмөн атуу; алыскы аралыктан атуу. Натыйжада УКМКнын 9-кызматына караштуу "Калкан" атайын багыттагы отряды жалпы командалык эсепте 3-орунду, жуптук эсепте 2-орунду ээледи. Ал эми команданын катышуучуларынын бири жеке мелдеште биринчи орунду алган.
АКШ президентинин кадамдарынан улам Кошмо Штаттардын Россиянын жер семирткичтерине көз карандылыгы күчөдү. Бул туурасында The Washington Post басылмасы жазды. "Киргизилген бажы төлөмдөрү айрым кесепеттерге алып келди. Мисалы, азыр АКШ буудай, жүгөрү жана күрүч сыяктуу дагы башка өсүмдүктөрдү эккенде кеңири колдонулуучу карбамид жер семирткичин Россиядан алып келүүгө көбүрөөк көз каранды болуп калды", — деп айтылган маалыматта. StoneX каржы компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, май айында мындай жер семирткичтин 64 пайызы РФтен алып келинген. Бул — Трамптын башка өлкөлөргө 10 пайыздык бажы алымын кошконго чейинки маалга салыштырмалуу эки эсе көп көлөм. Өткөн аптада АКШ президенти Москвага Киев менен эпке келүүсүнө 50 күн убакыт берерин жар салган. Эгер шарты аткарылбаса россиялык импортко 100 пайыздык тариф бекитип, Россиядан нефть, газ жана уран сатып алган өлкөлөргө кошумча бажы алымын киргизерин айткан.