Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин чек ара кызматтарынын жетекчилеринин 11-жыйыны өттү. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн жыйында Кыргызстан төрагалык кылды. Анда уюмга тиешелүү орчундуу маселелер каралып, өз ара кызматташтыкты активдештирүү боюнча чаралар талкууланды. Ошондой эле жыйындын соңунда "Тилектештик – 2025" биргелешкен чек ара операциясын өткөрүү чечими кабыл алынды. Жыйын жана ал жерде кабыл алынган чечимдер тууралуу Чек ара кызматынын Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башчысы Эрмат Турганбаев айтып берди.