Бүгүн ЖОЖдорго кабыл алуунун 2-туру башталдыПутин Иран жетекчисинин улук кеңешчисин кабыл алдыМонголиянын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталдыАлдыда кененирээкМонголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды. Монголиянын президентинин кортежин “Ынтымак ордого” атчандар коштоп келди. Имарат алдына ардак кароол тизилип, эки өлкөнүн гимни аткарылды. Кыргызстан президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип буга чейин билдиргендей, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес форуму жана эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өтөт. Ошондой эле визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган жана эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.
Бүгүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларында абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүнүн экинчи туру башталды. Абитуриенттерди кабыл алуу “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу жүргүзүлөт. 21-июлдан 23-июль саат 14:00гө чейин абитуриенттер сынакка катышуу үчүн катталат. Окууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 24-июлда саат 10:00гө чейин жарыяланат. 24-июлдан 26-июль саат 16:00гө чейин абитуриенттер университетке кирүү каалоосун ырасташы керек. Жогорку окуу жайларына кадрларды даярдоо үчүн 10 миң билим берүү гранты бөлүнгөн. Кабыл алуу өнөктүгү 5 тур менен өткөрүлөт. Биринчи турга 14500 гө жакын абитуриент, анын ичинен 3900гө жакыны бюджеттик негизде, 10 000 ашыгы контракт боюнча кабыл алынган.
Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Мунарбек Сейитбек уулунун профессионалдык бокстагы биринчи кармашы ийгиликтүү болду.Анын беттеши Бишкек шаарында бокс боюнча эл аралык турнирдин алкагында өткөн. Иш-чараны япониялык промоутерлик компания уюштурган. Анда кыргызстандык спортчу Мунарбек Угандадан келген атаандашы Конрад Серуенгени уткан.
Россия президенти Владимир Путин Кремлде Ирандын жогорку жетекчисинин улук кеңешчиси Али Лариджанини кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песковго таянуу менен жазды. “Владимир Путин бүгүн Ирандын жогорку жетекчисинин улук кеңешчиси Али Лариджанини кабыл алды. Тегерандын өкүлү жетекчилигинин тапшырмасы менен Россия президентине Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Ирандын өзөктүк программасына берген баасын жеткирди”, — деген Песков. Ал Россия тарап региондогу абалды турукташтырууга, өзөктүк программага байланышкан маселелерди саясий өңүттөн жөнгө салууга чакырганын белгиледи.
Өткөн аптада Түштүк Кореяда катуу жааган жамгырдын кесепетинен каза болгондордун саны 18ге жеткенин Ренхап агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, бүгүнкү күнгө карата 18 адам көз жумуп, дагы тогузу дайынсыз болууда. Селге байланыштуу 14 миң адам эвакуацияланган. Түштүк Кореянын мамлекеттик метеорологиялык агенттиги эми Чолла-Намдо, Кёнсан-Намдо провинцияларында жана Чежу аралында жаан-чачындын көбөйүшүн болжолдоодо. Ошондой эле жаан Чолла-Пукто жана Кёнсан-Пукто провинцияларында, борбордо жана Канвондо провинциясында күтүлөт.