Өлкөдө жатак-абактар жоюлат. Жаза-аткаруу кодексинде кандай өзгөрүүлөр бар?

Sputnik
Өлкөнүн Жаза-аткаруу кодексине олуттуу өзгөртүүлөр киргизилип, мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, республикада жатак-абактары жоюлуп, эми соттолгондор мындай мекемелерде жаза өтөбөйт.
Мындай кадамдын себептери, жатак-абактын башка абактардан айырмасы, бул мекемелерде жаза өтөп жаткан жарандардын тагдыры жана кеткен чыгымдары тууралуу "Күн башат" программасынын жүрүшүндө Юстиция министринин биринчи орун басары Алмазбек Зарылбек уулу кеп кылды.
Анын айтымында азыркы тапта республика боюнча 10 жатак-абак бар. Бул мекемелердин көзөмөлүндө 1 136 адам болсо, анын ичинен 828и качып кетип, издөөдө жүрөт. Ал эми 308 адам көзөмөлдөнүп турат жана анын ичинен 279 жаран тиешелүү келишимдин негизинде үйлөрүнө чыгарылган.