Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Бийлик турак жайдын үлүштүк курулушуна жаңы талаптарды киргизүүнү көздөөдө. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аны даярдаган Курулуш жана архитектура министрлиги үлүштүк курулушта объектилерди сапатсыз куруу, өз убагында бүтүрбөй создуктуруу, алдамчылык жана башка көйгөйлөр үчүн жоопкерчилик каралбаганын белгилеген. Мындан улам бир катар талаптарди киргизуу сунушталууда:курулуш компаниясы кварталдын жыйынтыгы боюнча 30 күндүн ичинде объект боюнча каржылык отчётту ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүүгө милдеттүү; курулуштагы милдеттемелердин аткарылышын мониторингден өткөрүү сунушталууда. Бул куруучунун жоопкерчилигин жогорулатып, долбоордун сапатын жакшыртат; курулуштун ар бир этабы бүткөн соң банк объектинин каржылык камсыздалышын документ түрүндө тастыктоого тийиш болот.
Айыл чарба министрлиги Нарындагы мал чыгымдары боюнча түшүндүрмө берип, тиешелүү лабораториялык изилдөөлөр жугуштуу ылаң жоктугун көрсөткөнүн билдирди.Мындан сырткары, кээ бир чарбаларда миңден ашуун койлорду бир короого камап, туура эмес шартта багылган учурлар чыгымга алып келерин айтышты. "Тебеленди, тазалык эрежелеринин сакталбашы да чыгымга себеп болууда. Кээ бир учурларда өлгөн мал үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында "ооруп өлдү" деген билдирүүлөр жасалууда", — деп билдиришти министрликтен. Малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу максатында Соң-Көл жайлоосунда көчмө ветеринардык аптека уюштурулган. Ушул тапта аталган аймактагы малдын абалы көзөмөлдө турганын кошумчалашты.
Ош мэри Жеңишбек Токторбаев 17 жылдан бери көпүрө алдындагы вагондо жашаган үй-бүлөгө батир берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Токторбаев бул бүлөнү шаар кыдырып жүргөндө көрүп, турак жайлуу кылууну убадалаган. Көп өтпөй 67 жаштагы Акболуш Эржигитовдун жубайы, кызы жана неберелери болуп, жалпы беш киши бир бөлмөлүү батирге көчүп келишти. Калаа башчысы үйдүн кожоюнун иш менен камсыздай турганын да убада кылып, маселени кол алдындагыларга тапшырды.
Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа өлкөдө ок атышууну токтотууну жарыялады. Бул туурасында РИА Новости SANA агенттигине таянып билдирди. "Учурда өлкө башынан кыйын кырдаалдарды өткөрүп жатат. Сирия өз аймагынын биримдигин жана анын калкынын коопсуздугун сакташ үчүн улуттук, гуманитардык жоопкерчиликти эске алуу менен мамлекет жетекчилиги ок атышууну токтотууну жарыялайт", — деп жазылат президенттин администрациясынын маалыматында. Сирия бийлиги бардык аймактарда согуш отун тезирээк өчүрүүгө, карапайым калкты коргоого жана гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүүгө чакырды. Ок атышуу тартибин үзгүлтүккө учуратуу өлкө эгемендигин бузуу катары каралары жана ага мыйзамдуу чаралар көрүлөрү айтылган. Өз кезегинде Сириянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Нур ад-Дин аль-Баба өлкөнүн түштүгүндөгү Сувейда провинциясына ички коопсуздук күчтөрүнүн жайгаштырылышы тууралуу билдирди. Жекшембиде