БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы президент Барак Обаманы шайлоодо шылуундук жасаган деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Трамп Truth Social тармагында АКШнын Чалгын кызматынын директору Тулси Габбарддын 2016-жылдагы шайлоого Россиянын кийлигишкени тууралуу маалымат жасалма болуп чыкканы боюнча билдирүүсүнө комментарий берди.
"Жакында эле жогорку деңгээлде шайлоону бурмалоого аралашкандар аныкталды. Мындан улам Обаманы жана анын "бандиттерин" жоопко тартуу зарылдыгын адистердин тобу жакшы түшүндүрдү", — деди Трамп.
Габбард жума күнү 2016-жылдагы шайлоого Россиянын кийлигишүүсү тууралуу дооматтар Барак Обаманын администрациясы тарабынан ойлоп табылганын далилдеген фактыларды жарыялады. Ага ылайык, ал кездеги президент Обаманын администрациясы ЦРУнун "Россиянын шайлоого кийлигишкенинин далили бар" деген жалган маалыматтарды ЖМКга таратып турган. Ошол эле маалда Москванын америкалык шайлоо системасын бузуу ниети да, мүмкүнчүлүгү да жок экенин көрсөткөн чалгын маалыматтарын жашырган.
"Россия кийлигишти" деген териштирүү
2016-жылдагы шайлоодон кийин АКШнын атайын кызматтары Россияны шайлоого кийлигишти деп айыптап, Дональд Трампты Москва менен келишип иштеген деп күнөөлөшкөн. Бул дооматтарды Москва да, Ак үй да четке каккан.
Тергөөнү атайын прокурор Роберт Мюллер эки жылдан ашык жетектеген. Натыйжада ал Трамптын Россия менен келишим түзгөнүнө далил тапкан эмес. Бирок ал шайлоого кийлигишүүгө бир нече россиялык жаран аралашкан деп билдирген. Москва бул айыптоолорго эч кандай далил көрсөтүлгөн эмес деп жооп берген.
2023-жылдын май айында атайын прокурор Жон Дарэмдин иликтөөсүнүн жыйынтыгы жарыяланган. Анда төмөнкүлөр жазылган:
АКШ чалгынчылары менен күч органдарында Трамптын Россия менен келишкенине байланыштуу эч кандай реалдуу далил болгон эмес;
ФБРдин Трамптын командасы менен орус чалгынчыларынын ортосунда байланыш бар экенин далилдеген маалыматтар жок болгон. Мындай шартта иликтөө башталбашы керек эле;
тергөөчү орган анык эмес, ишенимсиз жана тастыкталбаган маалыматтарга таянган.
2024-жылдын июнь айынын башында Сенаттын чалгын комитетинин сайтынан "Россия шайлоого кийлигишкен" деген тастыкталбаган баяндама алып салынган.